Табигый кырсыктан жабыркагандарга күрөөсүз насыя берилет

Өзгөндөгү Аюу-Сай, Жалпак-Таш жана Чоң-Алайдагы жаратылыш кырсыктарынан жабыртарткандарга күрөөсүз насыя берилет. Ал “Айыл Банк”, “Компаньон” жана “РСК” банктары аркылуу ишке ашат. Насыя 150 миң сомго чейин 15%дык үстөгү менен берилип, кардар күрөөгө кыймылсыз мүлк койбойт.

Алууну калагандар көрсөтүлгөн банкттарга арыз менен кайрылышса болот. Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жер көчкүнүн алдында калган 4 үй-бүлөнүн буга чейинки кредиттерин банк кечти. Жалпы каражаттын суммасы 824  миң сомду түзүп, кырсыктан жабыр тарткандарга жеңилдик болду. Учурда жер көчкүдөн жана жер титирөөдөн жапа чекендер арыз менен, “РСК” банкынын бөлүмдөрүнө кайрылышса, кырсыкка чейинки алынган насыяларын жокко чыгарып берет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.