Таалайбек Сарыбашов уулун шаардык мэриядагы ишинен бошотту

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Таалайбек Сарыбашов муниципалитеттин борбордук аппаратында иштеген уулу Нурсултан Насирбековду кызматтан бошотту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдиришкендей, ал тиешелүү буйрукка 2 -августта кол койгон.

Нурсултан Насирбеков мэрияда борбордук аппараттын уюштуруу -текшерүү бөлүмүндө адис болуп иштеген.

Ошол эле күнү Таалайбек Сарыбашов мэриянын кызматкерлерине тааныштырылды. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун, ал жаңы мэр шайланганга чейин бул кызматты аркалаары маалым болду.

Таалайбек Сарыбашов 2018 -жылдан бери Ош шаарынын мэри. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Ал эми 2012-2015 -жылдары Алай районунун акими болуп иштеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.