
Мурдагы депутат Таабалды Тиллаев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Таабалды Тиллаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев бүгүн эмгек жамаатына тааныштырды.
- 20.01.2022