
ЖКнын жыйынында депутат Таабалды Тиллаев 5-июндан тарта өлкөдө бала бакчалардын ачылаарына токтолду. Ал жергиликтүү бийлик жетекчилери ата-энелерден балдарын вирусту аныктоочу тесттен өтүүнү талап кылып жаткандарын айтты.
Депутат бийлик өкүлдөрүнүн талаптары ата-энелерге кыйынчылык туудураарын белгиледи.
“Бул туура эмес. Ансыз да толук кандуу иштей албай жаткан жарандарыбыз, 2000 миң сомдон жогору турган тесттен кантип өтөт?”,- деди Тиллаев.
Коронавирустан улам ишин токтоткон бала-бакчалар 5-июндан тарта жанданаарын өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 29-майда айткан.
Коронавирустан улам бала бакчалар 19-мартта ишин токтоткон.
- 04.06.2020