
“Ынтымак” ТВнын “Ырыс Таң” берүүсүндө таң атпай көрүүчүлөргө телефон чалып, бир аз тамашага салып атабыз. Мында биздин максат – көрүүчүлөрүбүзгө эрте менен позитив тартуулап, көңүлүн көтөрүп коюу. Ошондуктан, кимди түз эфирде тамашага чалаарыбызды саарлап саат 7:00дөн баштап көрө баштаңыз.
Теледен тамашага чалууга Сиз да катышыңыз. Баарын туура түшүнгөн тааныш, дос, туугандарды тамашага чалыңыз. Жакшы сценарий түзүп, (одоно эмес) 0779847772, 0776133619, 0708638101 WhatsApp номурларына жөнөтүңүз. А биз сиздин багыт боюнча телекөрүүчүнү тамашага салабыз.
Бул жолу Чоң-Алай райондук Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы, “Чоң-Алай жаңырыгы” гезитинин эсепчиси Айбек Абдибаитов чалынды. Бирок ал меймандостугун далилдеди.
Анан сак болуңуз, өзүңүз да чалынып калбаңыз!
- 30.01.2018