Түштүк жергесине “Шабдалы гүлү” спектакли тартууланууда

11-12-апрель күндөрү Ош улуттук С.Ибраимов атындагы драма театрында көрүүчүлөргө “Шабдалы гүлү” спектакли тартууланды. Жумабек Осмоновдун режиссёрлугу астында коюлуп жаткан чыгармага Ысык-Көл облустук драма театрынын артистери катышты. Анда бир үй-бүлөнүн турмушу чагылдырылып, ал аркылуу бүтүндөй дүйнө кандай коркунуч алдында тургандыгы сүрөттөлөт. Соңу ичкиликке берилген үй ээси качан уулу кырсыктаганда гана жашоонун баркына жете баштаганы менен аяктайт.

Эми аталган спектакль 12-13-апрель күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында коюлары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, “Шабдалы гүлү” спектакли Касымалы Жантөшөв атындагы музыкалык драма театры тарабынан “Ыйман, адеп жана  маданият” жылына карата пландалган. Уюштуруучулардын айтымында, чыгарма жаш өзгөчүлүгүнө карабай баардык муунга тартууланып, ыймандуулукка, адептүүлүккө үндөмөкчү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.