Түштүк Кореянын 29 жараны өрттөн каза болду

Түштүк Кореянын Чечхон шаарындагы сегиз кабаттуу имараттан чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алып, дагы 28 адам оор жаракаттан улам ооруканга жеткирилген. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалым болгондой, өрт имараттын биринчи кабатында жайгашкан унаа токтотуучу жайдан чыгып, үстүңкү кабаттарга тездик менен жайылып кеткен. Аталган имаратта кеңселер, фитнес клуб, ресторандар жана мончо бар болчу. Издөө иштери уланып жаткандыктан, курман болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Учурда кырсык катталган жерде куткаруучулар жана дарыгерлер иш алпарып жатышат.

Ал эми кышкы Олимпиадага карата өткөрүлүп жаткан салтанаттар токтотулду.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.