Түштү акылдуу адамдар гана эстеп калышат. Түш жөнүндө 5 факт

Түш – табигый нерсе. Таң калычтуусу, түштөр жана алардын максаты жөнүндө көптөгөн фактылар дагы деле болсо белгисиз. Макалада илим түштөрдүн сырларын ачууда белгилүү болгон түш жөнүндө кызыктуу 5 фактыны сунуштайбыз.

 – Америкалык окумуштуулар түш жөнүндө изилдөөдөн кийин абдан кызыктуу жыйынтыкка келишти. Алар түштү акылдуу адамдар гана эстей тургандыгын аныкташкан. Мындай тыянак 2000ден ашуун адамды изилдөөдөн кийин чыгарылды. Маектешкен адамдардын көпчүлүгү түш көрбөйм же эстей албайм деп айтышат. Бирок бир нече интеллектуалдык сыноодон өткөндөр гана ар дайым түш көрөөрүн айтышты. Мындан тышкары, адам канчалык акылдуу болсо, ошончолук түстүү түштөрдү көрө алат деген көз-карандылык бар. Чындыгында, мында таң калычтуу эч нерсе жок, анткени уйкунун физиологиялык функцияларынын бири – адам акыркы бир күндө үйрөнгөн маалыматты иретке келтирүү болгондуктан, ал көптөгөн маселелерди чечет.

Эгерде адам интеллектуалдык жактан өнүкпөсө, кандайдыр бир маселелерди чечүүгө умтулбаса, анда анын күнүмдүк        иштерден тышкары, аны кызыктыра турган нерселери аз экендиги табигый нерсе – демек, мындай адамдар түштөрдү сейрек эстешет.

90 % түш унутулат. Алгач ойгонгондо 5 мүнөттөн кийин түштүн 50 % , 10 мүнөттөн кийин 90% унутулат.

– Түш көрүү үчүн көздүн кереги жок. Көпчүлүк адамдар сокурлар түш көрүшпөйт же кадимки адамдардай ачык көрүшпөйт деп ойлошот. Бирок, сокур адамдар түштөрдү жөнөкөй адамдардай көрүшөт, алардын түштөрү ар кандай сезүү кабылдоолору жана түштүн тереңдиги менен көрүлөт.

– Эгер сиз адамдар гана түш көрөт деп ойлосоңуз, анда толугу менен жаңылышасыз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, иттерден баштап шимпанзе жана башка көптөгөн сүт эмүүчүлөрдүн түрлөрү, адамдар сыяктуу эле түш көрүүгө жөндөмдүү. Үй жаныбарынын жүрүм-турумундагы кокустан өзгөрүшү, үй жаныбарынын бир күн мурун көргөн кызыктай түшүн түшүндүрүшү мүмкүн.

– Көптөгөн окумуштуулар түшүндө көргөн нерселерден ачылыштарды, улуу нерселеди ойлоп табышкан. Мисалы, баарыбызга                белгилүү болгон химиялык элементтердин таблицасын Менделеев түшүндө көргөн. Пол Макартнинин дагы “Yesterday” ыры                түштөн кийин жаралган.

Унааны дүйшөмбү күнү алыңыз. Дүйшөмбү жөнүндө кызыктуу 10 факт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.