Төрт жылга созулган үнсүз жашоо. Абдыганы Ниязов кантип угуусун калыбына келтирди?

Төрт жыл эч кимдин, эч нерсенин үнүн укпай жашаган Абдыганы Ниязов дарыгерлердин укпайсын дегенине карабай, ден-соолугу үчүн өзү күрөшкөн. Туугандарына, досторуна жана жалпы элге кайрылып акча чогулткан. Каарманыбыздын кылган аракети текке кеткен жок. Учурда  анын кулагы жакшы угат. Кулагынын укпай калышына эмне себеп болгонун, кандай кыйынчылыктар менен майыптыкты жеңгенин эстеген Абдыганы  көздөрүнө жаш алды.  

Оштогу дарыгер: “Болду, кулагың укпайт, дудук-дүлөйлөрдүн тилин үйрөнө бер”,- деп жүрөгүмдү ооруткан. Ден-соолук сакчысынын ал сөздөрү менин дүйнөмдү аңтар-теңтер кылып, жашоого болгон кызыгууму жоготуп койгон эле. Бирок азыр кулагым угат. Күнүгө эртең менен мени жаңы жашоо, жаңы бакыт күтүп тургандай ойгоном. Кулагыма угулган ар бир добуш мени чексиз ырахатка бөлөйт. Мени дүлөйгө чыгарып койгон дарыгерге барып: “Саламатсызбы, мен баягы укпай калган баламын, азыр сизди сонун угуп жатам”,- деп айткым келет. Мени катуу өкүндүргөнү- мага окшогон оорулуулардын канчасынын үмүтүн үзүп койду экен деген ой.

Мен жол кырсыгына кабылганга чейин жашоону таптакыр башка көз менен карачу элем. Башкалар сыяктуу эле заңгыраган үй, кымбат машина жана көргөн адамды суктанткан кесип мага бакыт тартуулайт деп ойлочумун. Көрсө андай эмес экен, биринчи байлык- ден-соолук деген сөзгө башымдан өткөн окуядан кийин гана ынандым.

Ошол каргашалуу күн 2014-жылдын 19-сентябры болчу. Досумдун тоюна барыш үчүн Ош шаарынан таксиге олтуруп, айылым Сары-Моголго жөнөдүм. Таксиде менден башка дагы 4 адам бар эле. Күн бүркөлүп, жолдорду туман каптап турду.

Арткы орундуктун ортосунда олтургандыктан, сыртты карабай эле уйкум келип, көзүмдү жумуп бара жаттым. Башымды көтөрүп сыртты караганымда Арча-Булак айылына кирип бара жаткан экенбиз.

Кырсык каш-кабактын ортосунда деп бекеринен айтылбаган экен. Акыркы укканым “тарс” деген үн болду. Эмне болуп кеткенин түшүнгүчө эле башым бир нерсеге катуу тийгени эсимде. Андан ары эмне болгонун билбейм. Ошол бойдон бир кулагым укпаган, бир көзүм көрбөгөн жана боорум катуу жабыркаган абалда 15-октябрь күнү өзүмө келдим. Комада бир ай жатып, ал ортодо эки операцияны башыман өткөрүптүрмүн.

Кийин билсем, көмүр кенине бараткан “КамАЗ” жолдун ортосунда бузулуп калган экен. Бирок унаанын жарыктарын деле күйгүзбөй, же эскертүүчү белги деле койбой, айдоочу “КамАЗдын” ичинде жатып алып уктап аткан экен. Коюу тумандан улам эч нерсе көрүнбөй келе жаткан биздин унаа аны сүзүп алган. Бир аз убакыттан кийин эле артыбыздан дагы бир унаа келип бизди сүзүп алыптыр. Биздин унаадагы үч адам каза болуп, экөөбүз аман калдык. Каза болгондордун бири- унаанын айдоочусу, өтө жаш бала эле.

Алгач дарыгерлер убакыттын өтүшү менен угуум калыбына келип калаарын айтышты. Бирок кулагымдын угуусу жакшырбай эле, тескерисинче начарлап кетти. Акырындап эки кулагым тең укпай баратты. Экинчи ирет ооруканага кайрылып, ошол эле убакыт керек деген жоопту алып кеттик. Качан гана таптакыр эч нерсени укпай калганда ыйлап-сыктаган ата-энем мени дарыгерге дагы алып келишти.

Бул жолу дарыгер менин мындан кийин таптакыр укпасымды айтып, дудук-дүлөйлөрдүн тилин үйрөнө берүүмдү сунуштады. Ошол учурду өмүрүм өткөнчө эсимден чыгарбасам керек, бир заматта дүйнөм тарып, өзүмдү коёрго жер таппай турдум. Мындай жагымсыз жаңылыкты эч ким укпаса дээр элем.

Айласыздан үйгө жөнөдүк. Үйгө келип ар нерселерди ойлонуп, ичимден өзүмдү-өзүм жей баштадым. Аргасыздан жаратканга нааразы да болдум, мунун баары эмне үчүн болуп жатат, бул эмне деген сыноо, кайсы күнөөм үчүн деп.

Бирок мага бир чоң нерсе күч берип, алдыга жылууга, ооруга оңой эле багынып бербөөгө үндөп турду. Ал- Сары Могол айылынын мага болгон ишениим эле.

2010-жылы азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган кезде биздин айылдын абалы менен таанышуу үчүн барып калды. Ошондо эл айылда дарыгерлер жок экендигин айтышып, ушул маселени чечип беришин суранды.

Жээнбеков: “Дарыгер силерге сырттан келбейт, өзүңөрдүн ичиңерден чыгышы керек. Эки баланы ЖОЖго тапшырткыла, мен жардам берем окуусуна”,- деген. Ошол жылы мен окууну бүтүп жаткандыктан, мугалимдердин, айылдаштардын сунуштоосу менен мен, дагы бир классташым тандалдык. Сооронбай Шарипович сөзүнө туруп эки жыл катары менен окуубуздун акчасын төлөдү.

Төртүнчү курста окуп жүргөн учурда бактысыздыкка дуушар болуп, окуум токтоп калды. Элимдин үмүттүү көздөрүн эстеген сайын чыйралып, интернет аркылуу өзүмө жардам издей баштадым. Мага жардам бере алчу ооруканалардын баары чет өлкөдө жайгашкандыктан, каражат маселеси көп ойлондурду.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишим боюнча жыл сайын оор абалдагы 100 адамга бекер операция жасалат экен. Акыркы үмүтүм менен Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазып, макул деген жооп алдым. Бир айдын ичинде Түркияга барыш керек болуп, жашаган жерибиз, тамак-ашыбыз үчүн керектүү акчаны, 5 миң долларды өзүбүз тапканга мажбур болдук. Ошондо кыргыз элиме, “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондуна, туугандарга жана досторума кайрыла баштадым.

“Досуңдун чыныгы дос экени башыңа кыйынчылык түшкөндө билинет” дегендей, мен доско бай экенимди кырсыкка кабылганда билдим. Каражаттын көпчүлүк бөлүгүн досторум көтөрүп, фонддон беришип, айыл өкмөтүнөн 50 миң сом бөлүндү. Андан тышкары туугандарым, айылдаштарым чогултуп олтуруп 4000 доллар акча таптык.

Майыптыкты жеңген Абдыганы Ниязов.

Төрт жыл бою кулагы укпаган абалда жүргөн Абдыганы:"Кулагым угуп калгандан бери жашоонун ырахатын сезип жашап жатам. Көрсө, ден-соолук болбосо эч нерсе кызыктуу болбой калат экен",- дейт.

Posted by Ынтымак Медиа on Monday, March 5, 2018

Ошентип, атам экөөбүз  Түркияга кеттик, ал жактан Элмира аттуу мекендешибиз тосуп алды. Алдын ала даярдалган бөлмөгө атам экөөбүз жайгаштык. Ооруканага барып бир топ текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин мага 5 сааттык операция жасашты.

Арадан 15 күн өткөндөн кийин кулагыма угуучу аппарат коюшу. Аппараттан сырттагы жашоонун, чыныгы турмуш-тиричиликтин үнүн бир аз уга баштадым. Атамдын “кандай болуп калдың, балам?” деген сөздөрүн укканда ыйлап жибере жаздап, бирок мени курчап турган дарыгерлерден уялып, өзүмдү кармадым.

Дарыгерлердин өтө катуу толкунданба деген сөзүнө карабай, мени чыдамсыздык менен күтүп жаткан апама укканымды сүйүнчүлөөгө шаштым. Апама чалдым, төрт жылдан бери апамдын үнүн угууга ашыгып турдум. Апамын “алло”деген сөзүнө “апа, мен сизди угуп атам” деп жооп бердим.

Ошол мүнөттөрдү эстесем “садагаң кетейиним, балам” деген апамын сөзү кулагыма жаңырат. Түркиядан кайткан атам экөөбүздү аэропорттон апам, бир туугандарым жана досторум шаан-шөкөт менен тосуп алышты.

“КамАЗдын айдоочусунун үстүнөн арыз жазып, унаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. Мен ооруканага жаткан учурда келип, тосмо арыз жазып берүүбүздү суранды. “КамАЗын” чыгарып, аны менен көмүр ташып иштеп, тапкан акчасын мага жардамга берээрин убадалап кеткен. Бирок кийин телефон номерлерин өчүрүп, таптакыр жок болуп кетти. Ал эми биздин артыбыздан келип сүзгөн айдоочуну көргөн да жокпуз, кабар алып, абалымды сураган жок.

Келе жаткан жаңы окуу жылынан баштап кайра окуумду улантууну пландап жатам. Менин айыгып кетишиме ишенген, болгон каражаттарын мен үчүн аябаган дос-туугандарыма, айылымдын элине кутулгус карыздармын. Ал карыздан окуумду бүтүп, өмүр бою кызмат кылсам да аздык кылат.  Андан тышкары келечекте дудук-дүлөйлөргө жардам берип, алардын угуп, көрүп калышына салым кошуу менин алдыдагы милдетим деп билем.

Кээде олтуруп ойлоном, балким жараткан мени ушундай оор сыноодон өткөрүп, эң мыкты дарыгер кылгысы келгендир деп. Эмнеси болсо да кудайга шүгүр, эми баары жакшы болот!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.