Төрт ай аралыгында жети жылда болчу өзгөчө кырдаал катталды

2017-жылдын төрт айында жети жылда болчу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кырсыктардын көбүн жер көчкү менен сел түзүп жатат. Учурда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш чаралары жүрүүдө.

Март айындагы тынымсыз жаандан улам айрыкча Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыялардагы суу ташкыны күчөдү. Буга байланыштуу Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министрлигинен дарыя жээктерин бекемдөөнү тапшырган. Бирок, арадан 1 ай убакыт өткөн менен тиешелүү иштер аткарылбай жатканын жетекчи сынга алды.

“Тынымсыз өзгөчө кырдаалдар катталып жатат. Тапшырма берилгенине канча убакыт өткөнүнө карабай жумуштар аткарылган жок”,-деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы ошондой эле учурда жер көчкү катталган Өзгөн районундагы Зергер жана Жалпак-Таш айылдарындагы абалга токтолду. 22-апрельде катталган жер көчкүдөн Жалпак-Таш айылынын тургундары 10 күн электр жарыгысыз олтурушкан. Буга байланыштуу Өкмөт башчы райондук электр тармактар ишканасынын жетекчисин жумуштан бошотту. Ошол эле тапта энергохолдингге да эскертүү берди.

Онлайн режиминдеги жыйында Өкмөт башчы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, каржы, транспорт жана жолдор минстрликтеринин жумуштарын катуу сындап, кетирилген кемчиликтерди 10 күн аралыгында жоюу тапшырмасын берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.