Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча соттун өкүмү чыкты

Ысык-Көл райондук соту 22-декабрда Чолпон-Ата шаарында төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу жабырлануучулар кабар берди.

Сот “Мерседес Бенц” унаасынын айдоочусу 23 жаштагы Жибек Нуркулованы 10 жылга жатак абакка кесип, ал эми унаанын ээси Тахир Талабаевди кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. Буга автоунаанын кожоюнунун жабырлануучу тарап менен өз ара келишүүсү себеп болду.

2017-жылы 1-октябрь күнү Чолпон-Ата шаарында “Мерседес” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып “Тез жардам” машинесин сүзүп кеткен. Натыйжада “Тез жардамдын” ичинде төрөтканага бараткан кош бойлуу келин, анын бир тууганы, фельдшер жана айдоочу каза болушкан. Соттук-медициналык экспертизада айдоочу кыздын мас абалда болгону аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.