
Түркмөнстандын Балкан облусунда коронавирустун тарашына каршы карантин чаралары күчөтүлү. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы менен маектешкен медицина кызматкеринин айтымында, буга Казакстандан келген түркмөн жарандарынан COVID-19дун “омикрон” түрүнүн табылышы себеп болду.
“Бекташ карантин зонасында Казакстандан келген төрт жараныбыздан COVID-19дун “омикрон” версиясы аныкталды”, – деди ал.
Дарыгер түркмөн-казак чек арасы эки апта мурун ачык болгонун жана Казакстанда калган түркмөн жарандарынын өлкөгө киришине уруксат берилгенин белгиледи. “Омикрон” штаммы табылгандан кийин чек ара жабылган.
21-декабрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов тиешелүү түзүм башчыларына өлкөгө “омикрондун” киришине жол бербөөнү тапшырган.
22-декабрдан баштап Түркмөнбашы шаарынан Ашхабадга жол алган жүргүнчүлөр COVID-19га карата дароо эки тест тапшырууга милдеттендирилди.
Жаңы талап боюнча тесттин мөөнөтү 24 сааттан ашпоосу керек. Ар бир тест 101 манат (29 доллар) турат.
Жаңы талаптардан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын шаардык бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда.
- 24.12.2021