Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

Түркмөнстанда 12-мартта өткөн мөөнөтсүз президеттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов добуштардын 72,97% алып, жеңишке жетти.

Шайлоого Бердымухамедовдон тышкары дагы сегиз талапкер катышкан. БШКнын маалыматына ылайык, экинчи орунга добуштардын 11,09% алган Хыдыр Нуннаев жайгашса, үчүнчү орунга 7,22% добуш менен Мары облусунун башчысынын орун басары Агаджан Бекмырадов жайгашты. Калган алты талапкер шайлоочулардын 1-2% гана добушун алышкан.

Гурбангулы Бердымухамедов мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу быйыл февралда айткан. Мамлекет башчысы бул чечимин “мамлекетти башкарууда жаштарга жол берүү” каалоосу менен түшүндүргөн.

12-марттагы шайлоо Түркмөнстандын тарыхына эң кыска аралыкта өткөн шайлоо катары кирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.