Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди

Президент Садыр Жапаров «Түркиянын Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечим Кыргызстандын Түркиядагы региондору менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле кыргыз жарандарын консулдук тейлөө максатында кабыл алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.