Түркия: референдумдан кийинки нааразычылыктар

Кечээ 16-апрель Түркияда конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Анда өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү макул деп добуш берип, президенттин милдети дагы бир кыйлага кеңейди.

Бирок ошол эле маалда нааразы болгондор да чыкты. Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө президенттин башкаруу укугу кеңейтилээри каралган эле. Ага шайлоочулардын  51,35 пайызы макул, 48,65 пайызы каршы добуштарын беришип, жеңиш бийлик тарапта болду. Каршы чыккандардын арасында Стамбул шаарынын жашоочулары да бар.

Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, нааразычылык акциясына чыгышкан. Тургундар башкаруу укугу өлкө башчыга өткөндөн кийин, мамлекет парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтүп калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Учурда мындай нааразычылык акциясы Стамбулдан сырткары дагы 4 шаарда өтүп жатканы маалым болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.