Төлөйкөндө 4 гектар буудай жок болду. Чыгашаны ким төлөйт?

Төлөйкөн айылындагы буудайды жанаша конуштун жылкылары жеп салган. Дыйкандар  эгин талаадан жылкыларды кармап кетип, келтирилген чыгымды мал ээлеринен төлөп берүүнү талап кылууда.  Анткени буудайды жалпы айылдыктар биргеликте  аз камсыз болгон  үй-бүлөлөр  үчүн эгишкен эле.  Окуядан соң айыл эли эгинде жүргөн жылкылардын баарын айдап түшүшкөн. 30дай жылкыны кезек менен ээсине бербей кармап турушат. 

Айылдыктардын айтымында буудай эгилген жер аянты – 30 гектар. Ал айылдагы 100дөн ашуун кожолукка тиешелүү. Ар бир адамга 10-15 сотыхтан 1992-жылы бөлүнгөнүн билдиришет. Ошол жылдан тарта  эл биргеликте дыйкан чарба түзүп, буудай эгишчү.

“Жылкы жегени көрүнүп эле турат. Түнү менен жеп чыккан бул жерди. Эми бул кайра өсүп чыгып, буудай болбойт”,- дейт Төлөйкөн айылынын тургуну Тойчу Масадыков.

Айылдыктардын айтуусунда, эгинсиз калган учур биринчиси эмес. Мындай окуя акыркы 3-4 жылдан бери кайталанып келет. Былтыркысы сотко чейин жетип, натыйжада эл жылкы төлөөгө мажбур болгон экен. Бирок айыл өкмөттүн жайыт комитети эгинсиз калган талаа  дыйканчылык багытында эмес ,  жайыт катары катталып айылдыктардын пайдалануусу мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок айылдыктар ага макул эмес. Келтирилген чыгымды ким төлөйт деп кабатыр.

“Дыйканчылыкты колго алалы, өзүбүздү өзүбүз багалы деп  бир гектарды 9 миң сомдон айдатканбыз. Эми биздин чыгымды ким төлөйт? Колунда жок үй-бүлөлөргө деп айыл эли баары иштегенбиз. Эми бул кылгандары туура эмес да.  Баары прокуротура, милициядагылардыкы экен. Келип бир-экөөбүздү коркутса эле, калган эл коркуп качып кетет да. Мыйзамдын баары аларга иштейт экен”,- деп кошумчалайт дагы бир айыл тургуну.

Жылкылардын ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.  Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт комитети бул маселе иликтенерин билдирет. Комиттеттен Төлөйкөн айылыныдагы жайыттан пайдалануу үчүн жергиликтүү эмес бир гана адам уруксат алган экен. Эгер ошол адамдын жылкылары болгон болсо,  ижара акысы төлөнгөн болот деп билдирет айыл өкмөт өкүлү. Аталган айылдагы жайыттын жалпы аянты 600 гектарды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.