Сузактын 103 жаштагы тургуну бир да жолу пенсия ала элек

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  Арал айылынын тургуну Шарапат Мамаюсупова пенсия ала албай жатканын айтып “Ынтымакка” кайрылды.

 Мамаюсупованын айтымында, быйыл 103кө чыкты. Бирок документ боюнча 83 жашта. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгону үчүн мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу жөлөк пул алаарда 1934-жылы туулган деп жазылып калган.

Күбөлүгүнүн жоктугунан бүгүнкү күнгө чейин паспорт ала албаган 103 жаштагы энеге ушул күнгө чейин пенсия бериле элек. Кыздары паспорт алып берүүгө аракет кылып, майнап чыкпай келет.

Кылымга тете жашаган эненин пенсия албай келгенинен айыл өкмөттөгүлөрдүн кабары бар. Бирок алар ушул аймакта жашагандыгын тастыктаган тактаманы гана бере алышаарын айтышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.