Сузакта жер көчкү катталды

Бүгүн 23-октябры саат 11:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ӨКМдин облустук башкармалыгынан ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүрүп жатат.

Турак үйлөргө коркунуч жаралган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.