
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкүдөн жабыркагандар өкмөттөн жер тилке бөлүп берүүнү талап кылышууда. Алар кечээ Өкмөттүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Райондун Кыз-Көл айыл аймагынын айылдарынан 10дон ашуун адам келген. Чогулгандар жер көчкү жүргөндөн бери туугандарыныкында жана токой чарбанын имараттарында жашап жатканын билдиришти.
Алар Кашка-Терек конушунан 11 гектар пайдаланылбай калган жер бөлүүгө даярдалып жатканын, бардык документтер топтолуп, акимдин буйругун гана күтүп жатышканын айтышты.
Кыз-көл айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, учурда Кашка-Терек конушунан 11 гектар пайдаланылбай калган жер бөлүүгө даярдалып жатат. Бул тилке 80 гана үй-бүлөгө жетет, калган жарандарга башка жактан жер каралат.
Кыз-Көл айыл аймагында көчүрүлүүсү керек делген үй-бүлөлөрдүн саны 100дөн ашат.
- 27.04.2017