Сузакта балдар бакчасынын жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетечиси акчаны мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген факты аныкталды. Бул туурасында Башкы Прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан “Э.” аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келгендиги такталды.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иш козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.