
Сузак районунда 8 адам күйдүргү менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу республикалык карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунан билдиришти.
Маалымдалгандай, төрт пациентте диагноз лабораториялык изилдөөлөр менен тастыкталган.
«Баарынын абалы канааттандырарлык жана тийиштүү дарылоодон өтүшүүдө. Алар оорулуу уйду союуга катышканы аныкталган. Ошондой эле алар менен 20 адам байланышта болгон, учурда баары көзөмөлдүн астында », – дешти инфекциялар бөлүмүнөн.
- 30.09.2021