Сузак: жер көчкүдөн жабыркагандарга үч айдан бери жер бериле элек

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылында 3 ай мурун жер көчкү жүрүп, 3 үйдү басып калган. Дагы 22 кожолукка кооптуулук жаралып, туугандарыныкына жана токой чарбанын имаратына жайгашышкан. Жабыркаган тургундар ошондон бери жер тилке ала албай убара.

Сары-Булак токой чарбасынын төрт бөлмөлүү имаратына төрт үй-бүлө жайгашкан. Бир кожолукта алды ондон ашык адам бар. Абдыразаковдордун 11 адамдан турган үй-бүлөсү үчүн тар бөлмөдө жашоо кыйын. Алар жер көчкү коркунучунан улам 40 жыл жашаган үйүнөн башка жакка көчүүгө аргасыз болуп олтурат.

“Төрт бөлмөлүү эски имаратта төрт үй-бүлөнүн жашаганы кыйын. Айла жок ушул күнгө чейин эптеп баш калкаладык. Эми жаз келди, эртерээк аракетибизди көрбөсөк, кийинки кышта да ушинтип күн кечирүү мүмкүн эмес”, – дейт Сары-Булак айылынын тургуну Алтынбек Абдыразаков.

Үч айдан бери туугандарынын үйүндө баш калкалап келген тургундар бүгүнкүгө чейин коопсуз жерден чек берилбей жатканына нааразы. Көчүрүлүшү керек болгон 100 кожолуктун бирине да жер тилке бериле элек. Алар үй тургузуудан гана эмес, эгин эгип, дыйканчылык жана башка кышкы камылгадан да артта калдык деп тынчсызданып жатышат.

“Бийликтен бирөө келип кабар алат бекен деп күнүбүз жол карап өтүп жатат. Ушул күнгө чейин бир да жакшы жооп укпадык. Айыл өкмөттөр болсо аким кол кое элек деп кутулушат”, – дейт сарыбулактык Жаныбек Максутов.

Алты жан үй-бүлө үчүн тууган болсо да бирөөнүн үйүндө жашаганга оор.

 “Биз башка эч нерсе сураганыбыз жок. Болгону жер бөлүнсө эле өзүбүз эптеп үй салып алат элек, азыркы жаңы мыйзамдар боюнча ссудадан үмүт үзүп бүттүк”, – дейт жабыркагандардын бири Сапаргүл Бегимкулова.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сары-Булак айылындагы кооптуу аймакта жашагандарга жер тилкесин берүү маселеси чечилүү алдында турат. Аларга ошол эле айыл өкмөттүн Кашка-Терек конушунан 11 гектар жер бөлүүгө даярдалып, бардык документ иштери аяктаган. Кийинки жумадан тарта элдерге бериле баштайт деп ишендиришти облустук бийликтен.

“Ооба, биз жер бөлүү боюнча документтерди эми бүттүк. Жер тилкелер даяр, баарына ошол жерден беребиз”, – дейт өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов.

Бирок ал тилке 80 гана үй-бүлөгө жетет. Калган жарандарга жер башка жактан караштырылат. Тилке менен эле маселе чечилип калбайт, жабыркагандардын көбүнүн жаңы үй салууга чамасы чектелүү.

Буга чейин жаратылыш кырсыктардан жабыркагандарга мамлекет тарабынан жер тилкеден сырткары 200 миң сомдон ссуда  берилип келген. Бирок мындай жардам берүү 2017-жылдан тарта токтотулуп, турак-жайды камсыздандыруу деген түшүнүк киргизилди. Башкача айтканда, жарандын үйү табият кырсыгынан зыянга учураса, ага кыймылсыз мүлкүн камсыздандырган болсо гана акчалай компенсация төлөнөт.

Айрым эксперттер ссуда берүүнү дароо токтотуп коюу туура эмес деп эсептешет. Анткени турак-жайды камсыздандыруу боюнча жарандардын толук маалыматы, компанияга болгон ишеними жоктугуна карабай, ссуда берүүдан өкмөт шашылыш баш тарткан дешет алар.

“Ссуда берүү токтотулаары тууралуу 2-3 ай мурун элге түшүндүрүш керек эле. Ошондой эле камсыздандыруу компаниясы үйүн камсыздандырган жаранга кепилдик бериш керек. Жарандар азырынча  компанияга ишенбей жатышат. Ал эми жер бөлүү камсыздандыруу компаниясына же ссуда берүү өнөктүгүнө тиешеси жок. Жарандар кооптуу жерден көчүш керек болсо, мамлекет милдеттүү түрдө аларга коопсуз жактан  тилке бөлүп бериш керек”, – дейт “Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн директору Гүлгакы Мамасалиева.

Кыргызстанда көбүнчө жер титирөө, жер жана кар көчкү, сел, суу ташкыны сыяктуу кырсыктар көп катталат. Буга чейин табият кырсыктарынан жабыркагандарга 200 миң сомго чейин ссуда берилген, бул каражатка жаңы там тургузуу мүмкүн эмес, бирок кантсе да жардам болчу дешет эксперттер. 13 жылда өлкөдө 3752 млн сом ссуда берилген, бирок акчаны кайра мамлекетке кайтаруу жагы аксап келген.  Ушул жагдай эл аралык тажрыйбада кеңири жайылган мүлктү камсыздандырууну киргизүүгө себеп болгон эле.

Бирок турак-жайды камсыздандыруу калк арасында жакшы жайыла элек. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  жакында эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунунун (МКУ) ишин сынга алды. Өкмөт  башчы МКУ табигый кырсыктардын кесепетин жоюу, жабыркагандарга жардам берүү жана алардын мүлкүн калыбына келтирүүдө республикалык бюджетке түшкөн оорчулукту азайтуу милдетин толук аткарбай жатат деген баасын берген.

Бир жарым жылда Кыргызстанда 4,5 миңден ашык жаран үйүн камсыздандырган. Быйылкы жылдын биринчи кварталында табият кырсыгынан (шамалдан) жабыркаган үч адамга жалпы 133 миң сомдук жардам берилген.

Кыргызстанда коопсуз жагай көчүрүлүшү керек болгон адамдардын саны 8 миңге жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.