Сузак: жер көчкүдөн жабыркагандарга 7 жылдык мөөнөткө насыя бериле баштады

Сузактагы жер көчкүдөн жабыркагандарга ипотекалык насыя берилди. 300 миң сомдон каралган кредит үй тургузууну тездетүү үчүн көмөк катары ажыратылган. Азырынча төрт кожолук 7 жылга, 7 пайыз менен насыя алды.

Жаз алдынан Кызыл-Туунун Талаа-Булак айылына Алмалуу-Булак айылынан көчүп келгендер турак-жайларын толук тургузуп бүтө элек. Анткени кыска убакыттын ичинде үй салууга көпчүлүгүнүн дарамети жете бербейт. Ошол себептүү ипотекалык насыя берилишин бийлик өкүлдөрүнөн суранышкан.

Анын негизинде Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 302 кожолукка 300 миң сомго чейинки өлчөмдө ипотекалык каражат берилмей болгон. Учурда тийиштүү документтери бүткөн 4 үй-бүлө 300 миң сомдон 7 пайыздык ипотеканы алышты. Төлөм 6 айдан кийин башталат.

Бирок муну менен эле жашоочулардын бардык көйгөйү чечилип калбайт. Анткени жаңы конушта бүгүнкүгө чейин жарык, суу, жол маселеси чечиле элек.

Эскерте кетсек, облус аймагындагы жер көчкү кооптуулугу күч аймактардын бири Сузактын Алмалуу булак айылы.  Аталган айылда былтыр көчкүдө бир адам каза болгон. Быйыл жаңы конушка  302 адамга жер тилке бөлүнүп берилген. Бугүнкү күндө 192си көчүп келип отурукташа баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.