Сузак: ЖААК бөлүмүндөгү тейлөөгө нааразылыктар токтой элек

Сузак райондук ЖААК бөлүмүндөгү тейлөөгө эл нааразы. Алардын айтымында, адистердин жумуш учурунда жеке иштери менен алек болгону сааттап созулган кезек күтүүлөрдү жаратууда. Тейлөө талаптагыдай болбогон үчүн бир кагазды бүтүрүүгө бир ай убакыт кеткен учурлар бар. 

Буга чейин Сузак райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн кызматкери жумуш учурунда кезек күтүп олтургандарды тейлебей, сулууланып, телефондо сүйлөшүп, бири-бири менен тамашалашып олтурган видео интернетке тараган. Мамлекеттик кызматтагылардын мындай жоругуна коомчулукта терс пикирлер жаралаган. Тилекке каршы, эч кимге чара көрүлбөй, абал өзгөргөн жок. Азыр дагы кезек күтүп, күн бою ЖААК бөлүмүнүн босогосунда тургандар көп.

Тургундар кызматкерлердин орой мамилесине да кайыл болуп, документим бүтүп калса болду деп жүрүшөт.

“Паспортуму алмаштырыш үчүн августтан бери жүрөм. Келсем убара кылып, ал жакка, бул жакка бар дешет.  Азыр эми бир справка үчүн Жалал-Абадга кетип атам. Акчаны алышат, каалаган учурунда иштешет, анан дагы кагуу жейсиң”, – деди Сузак районунун тургуну Сейдегүл Мавлянова.

Сузак – Жалал-Абаддагы калкы эң көп район. ЖААК бөлүмүнө күнүнө жүздөй адам кайрылган үчүн кезек күтүүлөр болот, – дешет кызматкерлер.

 “Биз эшикти жаап алып, бир эле адамдын ишин карап жаткан  жокпуз да. Мына азыр канчалаган адамдарды төлөмдү төлөп келгиле деп жибердим. Арасында бат-бат ишин бүтүрүп жиберген адамдар деле болот. Биз кезек күтүү жараткан жокпуз. Адамдарды көп кармабайбыз”, – деди Сузак райондук ЖААК бөлүмүнүн жетекчиси Махабат Аттокурова.

Сузак районунда жалпы үч ЖААК бөлүмү бар, бирок алар жарандарды сапаттуу тейлөөгө үлгүрбөй жатат.

Эми Сузак райондук ЖААК бөлүмүндө кезек күтүү жана элдердин нааразычылыгы болбойт деп ишендиришет. Маселе ар бир айыл өкмөттө маалыматтык киоск ачуу менен чечилмекчи. Буга чейин райондогу ЖААК бөлүмү 7 айыл өкмөттүн жарандарын  тейлеп келген.

 

Эскерте кетсек, буга чейин да Сузактагы ЗАГС бөлүмүнө нааразычылыктар айтылып келген. “Ынтымак” райондук бакыт үйүндө нике күбөлүгүнө негисиз акча алынып жатканын чагылдырган болчу.

Күбөлүк алганы барган ар бир жубай мыйзамдуу түрдө кассага 604 сомдон төлөйт. Бирок мындан сырткары 200 сомдон дагы талап кылынаарын айтышат. Мыйзам боюнча нике күбөлүгүнүн мукабасы акысыз болууга тийиш. Бир жылда Сузак райондук ЗАГС бөлүмүндө 1882 жаран каттоодон өтсө, алардан жыйналган 376 400 сом коррупциялык жол менен элден алынганбы деп тургундар суроо салышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.