
Сузак районунда сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптап, бир бала каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта билдирилгендей, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагынын Достук жана Чангыр-Таш айылдарында сел катталды. Турак үйлөрдүн короолорун жана Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун суу каптады.
Агын суулар алты жаштагы кызды алып кетти, ал каза болду деген маалымат бар.
Аны издөөгө жана суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга 50 куткаруучу тартылган.
- 21.07.2021