Кылмыш: Сузак районунда 255 миң сомдук койлорду уурдаган үч жаран кармалды

Сузак районунда кой уурдагандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

2021-жылдын 12-19-январь күндөрү Сузак районунун 44 жана 57 жаштагы тургундары Сузак РИИБне арыздар менен кайрылышып, анда 2021-жылдын 11-январынан 19-январына чейинки аралыкта короосундагы “гиссар” койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришип, ууруларды таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышкан.

Арызданган 2 атуулдун 4 баш гиссар тукумундагы кочкорлор уурдалып, аларга 255 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобуокуя болгон жерлерге кароо жүргүзүп, топтолгон материалдар Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, 2 факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурулук) сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышкка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, 22 жана 29 жаштардагы Сузактын 3 жараны кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн аталган кылмышты жасагандыгы жана алар өздөрүнүн “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаасына салып, изин жашырып кеткендиктери аныкталган”,-деп айтылат маалыматта.

Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан аталган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 1 (бир) айга камакка алуу түрү тандалып алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.