Сузак: 9 айылдын эли көчкү түшүү коркунучундагы жол менен каттоодо

Сузак районунун Акчалуу айылындагы Ачы дарыясын көчкү бөгөп калып, анын жээгиндеги жолдун бир чакырымы ӨКМ тарабынан жабылган болчу. Мындан улам анын ордуна коопсуз аймактан айланып өтүүчү жол салынган. Бирок ал толук бүтпөгөндүктөн жаан-чачындуу аба-ырайында унаалар жүрө албай, аргасыз көчкү жүрүү коркунучундагы жол менен өтүүдө.

Кызыл-Туу айыл аймагынын тургуну Бектеналы Оморов бул жол аркылуу күн сайын Жалал-Абад шаарына барып келет. Ал көздөгөн жерине адатта бир саатта жетип барат. Бирок жамгыр жааганда шагыл төшөлбөгөн жаңы жолдо тыгылып калып, аны чыгаруунун өзүнө эле бир нече саат убакыт коротот.

“Бул жолдо кургакчылыкта жүрсө болот. Бирок жамгыр кичине жааганда эле унааларыбыз чыга албай калат. 2 чакырым жолду 6 айда бүткөрө албаганы кандай? Анын азабын эл тартып жатат”,- деп нааразы айыл тургуну.

Жакында сайды бөгөп калган көчкү, 1 чакырымдык жаракадан түшкөн бир ууч бөлүгү гана. Андыктан ал жерде дагы көчкү түшүү ыктымалы жогору.

Благовещенка-Кара-Көл жолунун бир чакырымы коопту деп табылып, көчкү жүргөндөн 6 ай мурда эле жабылган. Анын ордуна ошол учурдан тартып эле, Транспорт жана жолдор минстрлиги 2 чакырымдык айланып өтүүчү жол куруп баштаган. Анысы ушул күнгө чейин толук бүтө элек

Жолду куруу №52 жол тейлөө мекемесине жүктөлгөн. Аталган ишкананын башкы инженери Канболот Мырзакматов шагыл төшөө ишинин кечеңдөөсүн башка да жумштарынын көп экендиги жана жаан-чачындуу аба-ырайы менен байланыштырууда.

“Жаңы салынып жаткан жолдун узундугу 2 чакырым. Анын 1200 метрине шагыл төшөгөнбүз. Калган бөлүгү аба-ырайына байланыштуу токтоп турат. Анткени оор техникалар ылайга батып кетет экен. Жамгыр токтосо 3-4 күндө толук бүткөрөбүз”,-дейт инженер.

Аталган жол Жалал-Абад шаары менен 1300 калкы бар 9 айылды байланыштырчу жалгыз жол. Мындан улам аны тез арада бүткөрүү жергиликтүүлөрдүн негизги талабы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.