
Сууга чөккөн жаш балдардын дээрлик бардыгы мигранттардын балдары. Бул тууралуу “Ынтымакка” ОшШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, ата- энелер балдарынын коопсуздугун камсыздабай, натыйжада катар- катар кырсыктар жүз берип жатат.
“Ата- эне деген бала үчүн жооптуу да. Тилекке каршы ошол жоопкерчиликти бардык ата- энелер сезе бербейт экен, олуттуу карабайт экен. Сууга чөгүп каза болгондордун көпүлүгү эле чет жерде иштеген жарандардын балдары болуп атат. Тагыраак айтканда, таэне же чоң энесинин колунда калган балдар”,- деди Замир Сыдыков.
Акыркы эки ай аралыгында Ош шаарында 6 адам сууга чөксө, анын төртөөсү жаш балдар болгон.
- 24.07.2018