Сууга агызып жиберишкен. Алайда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Алай районунда милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 28-январь күнү саат 16:30 чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмчөсүнө Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Гүлчө дарыясында жашы 30-35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Жансыз денени өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен суудан алып чыккан учурда, ал жансыз дене 32 жаштагы Алай РИИБинин милиция кызматкери Э.Н денеси экендиги аныкталган.

“Денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын аркы тарабында 4 жеринде жарааты, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жарааттары бар экендиги байкалып, киши колдуу болгондугу белгилүү болгон. Аталган кылмышка шектелип Алай районунун Будалык айылынын 54 жаштагы тургуну О.Э, 32 жаштагы Ч.И жана 31 жаштагы С уулу Б жалпы үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген”.

“Маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон балдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилөөгө барышкан. Ал жердеги мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетишкен жана аталган милиция кызматкерин сабап салышкан. Э.Н алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болуп калгандыктан кылмыш изин жашыруу максатында кылмышка шектүүлөр маркумдун денесин автоунаага салып келип, сууга агызып жиберишет. Окуя болжол менен саат 3:30 – 5:30 чамасында жүз берген”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка тийиштүү далил буюм катары жансыз денени салып келген “Нексия” үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.