
Кыргызстанда 13-январга карата коронавирус 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 632, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган.
Акыркы суткада илдеттен 3 бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган. Ал эми 2 миң 826 адам каза болду.
- 13.01.2022