Студенттик күндөрдөн сүртүмдөр

Бүгүн, 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү. Биз Кыргызстандагы белгилүү инсандардын студенттик күндөрүн алар менен бирге эстедик. 

“Өбүшүп жатышат” деп кыйкырган Назира Айтбекова

Анда жапайы кезим! Группалаштар менен троллейбуста баратканбыз. Терезени карап отурсам  кыргыз эле кыз-жигиттер өбүшүп жатышат.  Өзүм кемпирдин кызы болсом, андайды көрбөгөн жаным ордуман  тура калып: “Омий, карасаңар өбүшүп атат!”- деп үнүмдүн болушунча кыйкырдым. Элдин баары эси ооп, мени карап калды.  Жанымдагы группалаштарым шаардык кыздар болчу. Алар уялганынан чымчып отургузуп , шаарда бул нормалдуу көрүнүш экенин айтып, түшүндүрүшкөн.

 

Нуркан Койчуманова кыз-жигиттерди уруштуруп…

Студент кезде шок кыз элем. Кыздар менен мелдешкен нерсемди сөзсүз аткарчумун. КММИде 2-курста окуп жаткан учур. Адаттагыдай мелдешип кеттик . Жатаканага бара жатсак, кыз-жигит сүйлөшүп турган экен. Экөөнү азыр уруштуруп, кайра жараштырам деп калдым. Эки жаштын жанына барып жигитке: “Сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде? Мен бала менен үйдө отурсам, мунун жүргөнүн кара!” -деп баштадым. Жигит: “Чоң кыз, силер адашып жатасыңар, башка бирөөгө окшоштуруп алдыңар окшойт”, – деди.  Мен болсо: ” Муну кара, көрүнгөн кыздар менен жүрүп дагы мени таанымаксамга салганын!” – деп жинине тие баштадым. Жигиттин абдан ачуусу келди. Жанындагы кызы да жигитке таарынып: “Акмак, мага жолобо, алдамчы!” – деп ыйлап да алды. Жигит ачуусу менен мени уруп жибере жаздады. Мен: “Үйгө  барганда урарсың, бас кеттик!” – деп тарткылап койдум. Карасам, абал чукулдап кетти. Жигит кызын соорото албай убара. Бир аздан кийин  жандарына жакын барып: “Мени кечирип коюңуздар, мен искусство институтунда актерлук бөлүмдө окуйм. Берилген ролду ойноп жаттым эле десем, жигит: “Тапкан экенсиңер, көчөдө роль аткарганды!” – деп ачууланды.Кыздар мени коштоп, кечирим сурадык. Кызы уялып калды. Анткени жигитине ачуусу менен көп жаман сөздөрүн айтып алган эле. Алар ээрчишип кетишти. Мен болсо кыздарды мелдештен жеңип, эртеси киного алып барышкан.

Сабакка майкачан келген Азамат Абсаттаров

3-курс кезим. Ал учурда журналистика адистигинде окуган группалаштарым көбүнчө классикалык стилде кийинишчү. Окуп жүргөндө мен спорттун кик-бокс түрү менен машыкчумун. Азыр деле классикалык кийим анча кийбейм. Ал учурда такыр эле кийчү эмесмин. Бир күнү сабакка кетип жатып, түштөн кийин залга барам деген ой менен майкачан жөнөпмүн. Окуу жайда элдин баары мени башкача карайт. Мен майкамы карап жатканын билбептирмин. Азыр элестетсем, өзүм же бир спортчуларга окшоп семизирээк деле эмес экемин. Арык, кичинекей бала майкачан жүрсө… Сабак аяктап калганда чоң курстун балдары мени чекеге чакырды. Баары тегеректеп алып мени урушушкан.”Бул жер университет. Сен болсо майкачан жүрөсүң. Өзү дагы журналистикада окусаң, жакшына кийинбейсиңби”, – деп ортого салып, аябай уят кылышкан. Ошондон кийин менин “булчуңбай” деген каймана атым пайда болгон. Азырга чейин “булчуңбаймын”.

Чиновниктердин дүжүр сөздөрүн сындаган Айымкан Кулукеева

Суденттик кезде көп эле кызыктуу окуялар болот эмеспи, эске келгенин айтып берейин. Билбейм, эми жылдар өткөндөн кийин ошол позициям эрдикпи же эмне экенин…

90-жылдары Аскар Акаев президент кезинде Жаштар форуму деп активдүү жаштар жыйын куруп, ага өкмөт башчы баштаган чиновниктер катышып калды. Түшкө чейин министрлер “парады” болуп, алар жаштарды кандай гана “жакшы көрөөрү”, “келечек жаштардыкы экени” тууралуу дүжүр сөздөрүн айтып, премьердин алдында сүйлөп алышты. Ошону менен түш ооп, анан эле форум жакшы өттү деп жыйынтыкталып, ар бир облуска бирден жаштардын лидерлерин жергиликтүү администрацияга шайлоо башталды.

Мен бир күн кечке форумда катышып отуруп, сунуштар айтылып, жаштардын көйгөйү ортого салынат экен деп жакшы ой менен күтүп турган элем.  Тилекке каршы, баары жакшы дегенден башка эч бир жаштардын көйгөйү айтылбагандыгына таң калдым. Бул жөн гана форум өткөрүп, анан жаштар саясатын жүргүзүү үчүн  деп кай бир жаштарыбызга облустук администрациядан кызмат беришмек экен.  Залда отуруп, бул ишсиз жаштарга иш бөлүштүрүү гана болгондугун акыры түшүнүп, сөз сурап туруп алдым. Же кыз балдардан эч ким сүйлөбөгөндүктөнбү, же байкашкан жокпу, айтор мага кудай жалгап, сөз тийип калды. Ал форумду түз алып берип жатышкан экен  камерага да түшүп калыптырмын, кийин уксам. Айылга барсам, мектеп директорум келип, атайын колумду кысып, куттуктап кеткени эсимде. Демек, бүт Кыргызстан көрсө керек.  Трибунага чыккан соң, “бул спектакль” дедим, спектакль болгону үчүн Түлкүнүн ролун ким аткарат, Үшүкенин ролун ким аткарат деп, алдын ала бөлүштүрүп алып, жөн эле спектакль койгон турбайсынарбы дедим. Миңдеген жаштардын үнү, ою, пикири, тилеги, максаты көчө аралап калды, бир дагы маселе айтылган жок деп буркан-шаркан түшүп форумду сындап алып, трибунадан түшүп, чыгып кеттим. Эртеси “Республика” гезити, ал кезде катуу чыгып турган кези, “2-курстун студенти А.Кулукеева айткандай форум чын эле спектакль болуп калдыбы?”  – деп  форумдун бир катышуучусуна суроо салыптыр. Ошол күнү мени проректор кабинетине чакырып, “туура эмес” кылганымды айтып,  мындан киийн “эстүү кыз” болушумду талап кылганы эсимде. Ошону менен ал форумдун аты-жыты да чыккан жок, баягы кызматка барчу балдар ар кимиси ар кандай тагдырда тарап кетишти.

Билбейм, ал кезде менин чындыгым ошол болчу. Балким, туура эмес кылгандырмын, балким, туурадыр.  Бирок, саясатты өзгөртө алганыма көпкө курсант болуп жүргөнүм эсимде”.

Нурзат Токтосунова: асманда салбаңдап туруп, жүрөгүм түшкөн

Биринчи курста, айылдан жаңы эле келген учур. Ататүрк-Алатоо университети  автобустар менен ар дайым бизди эс алууга алып чыгып турчу. Бир жолу Алматы шаарындагы “Фэнтази” паркына алып барган. Анда 17 жаштагы айылдык кыз үчүн аябай көп эмоциялар болгон. Ошол паркта аябай бийик каруселге чыкканбыз. Бийик алып барып туруп, асып коюп коет экен жерге салбаңдатып. Ошондон коркуп калып, мен азыркыга чейин бийиктиктен корком. Мектептеги курч жүрөгүм ошондон бери курч болбой калган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.