Статистика: 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 17-январга карата коронавирус 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 658, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 48, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 14 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет аныкталган.

Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 адам каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.