
Түркиянын Стамбул шаарында төрт кабат үй жер көчкүдөн урап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-апрель күнү катталган. Анда жер көчкүдөн улам 4 кабат үй урап түшкөн. Имараттын жашоочулары жана кошуна 10 үйдүн тургундары өз убагында эвакауцияланганына байланыштуу кырсыктан жабыркагандар катталган эмес.
Эки унаа урандынын алдында калганы айтылууда.
- 24.04.2019