SpaceX компаниясы космонавтика тарыхындагы эң чоң ракетаны чогултту

Америкалык ишкер Илон Масктын SpaceX компаниясы Айга жана Марска учууга ылайыкталган космонавтика тарыхындагы эң чоң Starship ракетасын чогултту. Бул тууралуу gazeta.ru жазып чыкты.

Басылма космостук кеменин 2024 -жылы адамды Айга кайтаруу миссиясында колдонуларын кабарлады.

Белгилүү болгондой, кайра колдонулуучу өтө оор ракетанын жалпы бийиктиги 120 метр. Салыштыруу үчүн, SpaceXтин Falcon Heavy ракетасынын узундугу болгону 70 метр.

Ташуучу техникада 29 Raptor ракета кыймылдаткычы бар, ал эми кеменин өзүнө кыймылдаткычтын дагы алтысы орнотулган. Эми Starship кайра бөлүнөт, андан кийин эки этапта сыналат.

Андан тышкары, ракета учурууга даярдалат, учуруу датасы азырынча айтыла элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.