Туура эмес берененин негизинде айыпталган жаран акталды. Акысыз юридикалык жардамдын жактоочулары кандай иштеп жатышат?

2018-жылдын орто ченинде тергөөчүнүн койгон айыбына макул эместигин билдирип, Ош шаарынын тургуну Б.С Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам(МКЮЖ) борборуна кайрылган. Анда жабырлануучу ага карата козголгон иш туура эмес беренеге негизделгендигин жүйөө келтирген.

2018-жылдын 14-апрелинде Ош шаарынын жашоочусу Б.Сга таанышы келип, 5 миң сом карыз сурайт. Бир ай ичинде кайтарып берүү келишими менен Б.С сураган акчасын берген. Арадан эки айга чукул убакыт өтсө да, карызын кайтарбаган таанышынын үйүнө барып, үй ээсинин көзүнчө, эч кандай зомбулук көрсөтпөй туруп, кымбат баалуу чөнтөк телефонун алып кеткен. Бул күн 4-июнь эле.

Окуя боюнча телефондун ээси арыз жазып, натыйжада 5-июнь күнү Б.С ОШ ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө ага Кылмыш жана жаза кодексинин 167-тоноо беренеси менен кылмыш иши козголот.

Сурак учурунда Б.С жасаган кадамы тоноо максатында болбогондугун, берген акчасын өндүрүп алууну гана көздөгөндүгүн айткан. Ага карабай, тергөөчү койгон айыбын өзгөрткөн эмес.

Окуянын чоо-жайы менен таанышкан адвокат Айбек Ташбаев Б.Снын ишине тергөөчү туура эмес укуктук баа берген деп эсептеп, Ош шаардык прокуратурасына жана ОШ ШИИБинин тергөө кызматына өтүнүч келтирет.

“Кылмыштын обьектив жагынан караганда бул- тоноо деп эсептелет. Бирок субьектив жагын алсак, анда ал айласыздан ушул жолго баргандыгын көрүүгө болот. Демек, ал эч кандай бирөөнүн мүлкүнөн пайда табууну же мыйзамсыз аракет менен телефонун алып коюуну максат кылган эмес, жарандык укуктарын коргогон. Бул иште тергөөчү тарабынан кылмыш жана жаза мыйзамдарынын өз ара атаандашуусуна туура эмес баа берилген”,-деп белгиледи жактоочу Айбек Ташбаев.

Келтирилген өтүнүч канааттандырылгандан кийин, баш-аягы 3 айдын ичинде тергөөчү тарабынан “Тоноо” беренеси “Өзүм билемдикке” алмаштырылды.

«Өзүм билемдик» беренесинин негизинде Б.С 2 жылга эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок тааныштардын өз ара жарашуусунан улам кылмыш иши кыскарган.

Жактоочу Айбек Ташбаев Б.С сыяктуу тергөөчүлөрдүн койгон айыбына макул эмес жарандар ага көп кайрылышаарын айтат. Мындай учурда акысыз юридикалык жардам мыйзамынын 8-беренесине ылайык, адвокаттын акысыз жардамы жаран шектүү катары кармалган күндөн тарта, анын эч кандай кирешеси, коомдогу абалы эске алынбай туруп берилет.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу мыйзамдын киргенине төрт жылдан ашып барат. Бул аралыкта Юстиция министрлигинин алдында өлкөнүн аймактарына Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлору түзүлүп, мыйзамдын иштешине мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Акысыз юридикалык жардам калкка эки түрдүү жол менен көрсөтүлөт:

  1. Консультациялык-укуктук кеңеш;
  2. Квалификациялык-юридикалык жардам;

 “Кыргызстандын бардык жарандары, жарандыгы жоктор жана чет элдик жарандар консультациялык-укуктук жардамды башкача айтканда түшүндүрмө-кеңешти ала алышат. Бул жардамды бир гана Юстиция министрлигинин бөлүктөрү эмес, бардык мамлекеттик ишканалар, өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар кайрылган жарандарга өз ишмердүүлугүнун багыты боюнча түшүндүрмө бериши керек.

Ал эми квалификациялык-юридикалык жардам адвокаттар тарабынан бекер көрсөтүлүүчү көмөк. Жазык иштеринин алкагында шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, акталгандарга, жашы жете элек күбөлөргө жана жабырлануучуларга берилет.

Жардамдын бул түрүн алуу үчүн жарандын бир жылдык кирешеси минималдуу эмгек акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпашы керек”,- дейт Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун регион аралык бөлүмүнүн башчысы Толкун Эргешов.

Квалификациялык юридикалык жардамды кимдер ала алат?

I жана II топтогу майыртуулугу бар жарандар;

Психикалык оорудан жабыркагандар;

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңелген адамдар;

Жашы жете электер;

Жашы жете элек балдарды жалгыз тарбиялап жаткан энелер;

Карылар үйүндө жашап жаткан жарандар;

Ош облусу жана Ош шаары боюнча МКЮЖ борбору Ош шаарындагы Ленин көчөсү-1 дарегинде жайгашып, анда 76 жактоочу калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт.

Аларга айлык акы мамлекет тарабынан төлөнөт. Мындан улам, жылына өлкөнүн бюджетинен МКЮЖ системасы үчүн жалпы республикага 76 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт.

Жылына акысыз юридикалык жардам алууну кааалаган 3 миңдей жаран аталган борборго кайрылат. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк (ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, аталыкты аныктоо)жана жер маселелери менен келишет.

Акысыз юридикалык жардамды төмөндөгү даректер аркылуу алууга болот:

Эгерде юридикалык жардамды пайдаланууну көздөп, бирок кайсы жакка карылуууну билбей жатсаңыз, анда МКЮЖнын сайтына кирип кенен маалымат алсаңыз болот.

Ошондой эле өлкө боюнча 112 номуру сизге жардамга келет.

Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыз болот:

Ленин көчөсү, 312 (Ош шаарынын жана Ош облусунун аймактык юстиция башкармалыгы);

Тел:

(03222) 5-63-56,

(03222) 2-80-28.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.