Социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында 19-январда Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалган.

17-январь күнү Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.