Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 4-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин сайтынан маалым болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Дүйнөдө 3,5 млн адам вирус менен күрөшүүдө

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.