Сом кантип жүгүртүүгө чыккан? Абдимиталип Баймуратовдун маеги

Бүгүн, 10-майда кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыкканына 24 жыл болду. Бул аралыкта сомдун үлгүлөрү бир топ өзгөрдү. Кыргыз сомун жүгүртүүгө салым кошкондордун бири, банк кызматкери Абдимиталип Баймуратов  сомдун бүгүнкү абалы, тарыхы жана баалуулугу тууралуу “Ынтымакка” айтып берди.

Алгач сомду кабыл алуу маселеси 1990-жылы көтөрүлгөн. Мында ар бир тармактан турган жумушчу топ ал үчүн 3 жыл эмгектенишкен. Бул аралыктагы макулдашуудан кийин гана 1993-жылы 10-майда кыргыз сому кабыл алынган.

“Биз сомду жүгүртүүгө чыгарууда  бир топ ойлондук. Анткени алдыда кантип колдонулуп кетет, келечеги барбы деген суроолор ошол учурда абдын тынчсыздандырган”,- деп белгилейт Баймуратов.

Маектешип жатып, жумушчу топ алгач сомдун келечегине ишенбөөчүлүктөн улуттук валютаны убактылуу колдонуу үчүн чыгарышканын белгиледи. Мында кагаздардын арзан баадагыларын гана колдонушкан. Алгач  сом жүгүртүүгө чыкканда элдин ишеними жок болгон.

Сом кабыл алынгандан кийин, ага чейин колдонулуп келген орус акчасын Кыргызстандын карызын төлөөгө колдонушкан. Бул үчүн Орусия өкмөтү менен макулдашуу жүргүзүлүп, 17 млрд  рубль карыз төлөнгөн.

Бул баскычтардан өткөндөн кийин сомдун номиналдары чыгарыла баштаган. Алгач тыйындар, андан кийин кагаз акчалар колдонууга берилген.

Сом кабыл алынгандан кийин Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен мамилеси жакшыра баштаган. Анткени башка өлкөлөр дагы туруктуу валюталык курсу болгондуктан экономикалык жактан ишенимдүү кызматташа башташкан.

Абдимиталип Баймуратов маегин жыйынтыктап жатып, кыргыз сомун барктап, кадырлап сактоого чакырды. Анткени улуттук валютаны Кыргызстандын символикаларынын бири катары баалоо зарыл экенин кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.