
Чүйдүн Сокулук районундагы Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукта эки адам тазалоо иштерин жүргүзүп жатып ичинде калып калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. аттуу жарандарды куткаруучулар кудуктан чыгарышты.
Жабыркагандардын бирөөсү газга уулангандыгына байланыштуу тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
- 12.01.2022