Сиз буга чейин ишенген 10 жалган факт

Интернет желесинде кеңири таралган маалыматтарга ишенүү кыйын. Көпчүлүк белгилүү сайттар дагы, жалган фактылар менен бөлүшүп, көрүчүү топтойт. Маалыматтарды интернеттен алардан мурда, бир канча булактардан текшерүүңүз керек.

 Көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп, суктандырган 10 миф – фотошоп

  1. Көлөмү укмуштуудай чоң үлүл

Көп жылдан бери соцтармактарда бул жаныбар коркунучтуу, укмуштуудай гигант үлүл деп айтылып келет. Бирок бул эч кандай үлүл эмес. Сүрөттөгү япон гигант саламандрасы. Бул тууралуу сүрөттү интернетке  жүктөгөн автор белгилеген.

  1. Японияда автоунааны көчөгө токтотууга тыюу салынган

Интернет колдонуучулары Япония көчөлөрүндө тартылган сүрөттөр кооз чыгарын айтышат. Себеби алар көчөгө автоунаа токтотушпайт. Ооба, Япония мыйзымында 1957-жылы көчөгө автоунаа токтотууга тыюу салынган. Бирок  учурда көпчүлүк көчөлөрдө атайын токтотууга уруксат экенин билдирүүчү белгилер бар жана алар көчөгө токтотууга болот. Албетте баардык жерге эмес.

Дагы кызыктуу факт:  Япониялыктар автоунаа сатып алардан мурда, шаарда жашоочу үйү же батири болоорун далилдеп, машина токтотууга жер бар экенен тастыктайт.

  1. Учакта төрөлгөн ымыркай, өмүр бою каалаган өлкөсүнө бекер учат

Чындыгында бул тууралуу айтуу кыйын. Себеби ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү мыйзымдары бар. Учакта төрөлгөн ымыркайда эки жарандык тандоо болот. Жер укугу жана кан укугу. Жер укугу болсо, учак конгон өлкөнүн жарандыгын алат. Эгер кан укугу болсо, ата-энеси кайсы өлкөнүн жарандыгын алса, ошол өлкөнүн жараны болот.

Имиштер боюнча, учакта төрөлгөн ымыркайга өмүр бою бекер учууга укук берилет. Тилекке каршы бул туура эмес. Кээ бир  азия авиакомпаниялары тарабынан гана учакта төрөлгөн ымыркайга  21 жашка чейин  бекер учууга мүмкүнчүлүк берилет.

  1. Тоонун көрүнүшү итке окшош

Интернет колдонуучулары сүрөттөгү тоону көргөндө, итти эске салаарын айтышат. Бирок бул фотошоп, аны автор өзүнүн интернет булагына жүктөгөн. Чындыгында тоо, кадимки эле тоолордой көрүнөт.

  1. Аскадагы коргон

Көпчүлүк интернет колдонуучулары аскадагы коргондун кооздугуна суктанып, бир түнгө түнөп кетүүнү кыялданышат. Бирок бул аска Таиланддагы Ао Панг Нга уллуттук паркында, ал эми коргон Германия өлкөсөндө жайгашкан.

  1. Сазда өскөн адам көлөмүндөгү «арстан козу карыны»

Сазда өскөн «арстан козу карыны» ушул жылдын февраль айында, “Твиттер” желесинде популярдуу болду. Бул козу карындар чынында өсөт, бирок дарактардын кучагында чоңдугу сүрөттөгүдөй, футбол топторундай болот. Түндүк Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүндө кездешет.

Чындыгында 2013-жылы Сьюзи Бристер «613 Саздагы жибек кысыгы» аталышындагы көркөм чыгармасын жараткан.

  1. Сагыз жутуп алсаң, ашказанда 7 жылда аш болот

Бала кезибизде баарыбыз эле сагыз жутуп алсак, 7 жыл ашказанда туруп, анан аш болоорун айтышкан. Бул ишеним азыркы убакта деле бар. Көпчүлүк апалар балдарына сагызды аз беришет, же беришпейт. Албетте бул миф. Чындыгында сагыз жутуп алсаң, бат эле аш болот.

Сагыз – полимер жана желимден жасалып, аңкыган жыт кошулмаларынан турат. Негизги бул кошулмаларды аш кылуу кыйын. Бирок бул ашказанда өмүр бою калат дегенди түшүндүрбөйт. Акырындап ашказандан чыгат.

  1. Улуу Британиядагы пил дарагы

Бул сүрөт фотошоп экени көрүнүп турса дагы, көпчүлүк интернет колдонуучулары ишенет. Көрүнүп тургандай сүрөттөгү жасалма дарак Британияда, ал эми бак Косово шаарында.

Жолдун чыныгы көрүнүшү бул сүрөттөгүдөй.

  1. Хамелеон кармап турган карандаштын түсүндөй, өзүнүн түсүн өзгөртөт

Өткөн  жылдын аягында интернетте карандашка жогору сойлоп чыгып баратып, өзүнүн түсүн өзгөрткөн жагымдуу хамелеон көпчүлүктүн көңүлүн буруп 1 жарым миллион жактыруу топтоду. Чындыгында бул – фейк.

Биринчи жолу 2020-жылы июнь айларында видео редакторлоонун жыйынтыгы деп жүктөлгөн.

Бирок көпчүлүгү хамелеон өзүнүн түсүн айланасына карап өзгөртөт деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Хамелеон түсүн өзүнүн маанайына карап өзгөртөт.

  1. Паркта эс алган жирафтар

2020-жылдын октябрь айынын аягында интернетте паркта жүгүргөн жирафтардын видеосу жүктөлүп,75 миң жолу бөлүшүү 340 миң жактыруу топтогон. Бирок көрүнүп тургандай бул – фейк.

Бул видео сүрөтчү Вернон Маналапоз тарабынан тартылып, 2020-жылы август айында “Инстаграмга” жүктөлгөн. Анын баракчасында көптөгөн ушул сыяктуу учуучу таш бакалар жана чоң таксалар контенттери бар.

Даярдаган: Алтынай Нурланбек кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.