Сирияда 3 ай жүрүп келген жаран кантип азгырылганын айтып берди

Ош милициясы Сирия мамлекетинде “Джебхат ан-Нустра” тобунда 3 ай жүрүп келген жаранды кармады. Ал Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну.

Анын айтуусунда, буга чейин Россия Федерациясынын Оренбург шаарында автоунааарды алып-сатуу менен алектенип жүргѳн.  Сирия болсо чеченстандык эки баланын азгырыгы менен жөнөп кеткен.

Оренбургда жүргѳн учурда эки чечен бала менен тааныштым. Алар мага Ислам дини тууралуу кѳп нерселерди айтып, видеолорду, сүрѳттѳрдү интернеттен жѳнѳттү. Сирияда мусулмандарга жардам берүү керектигин кѳп айтчу. Анан жолугуштук. Мени барууга тынбай үндѳп жатты. Анан мен акыры барууну чечтим. Билетти чечендер алып беришти. Айтканындай эле мени аэропорттон бир түрк киши тосуп алып, чек арадан Сирияга ѳткѳрүүгѳ жардам берди. Мен 2 ай машыгуучу лагерде болдум. Куранды, Ислам ибадаттарын, курал атууну, күрѳшүү, мушташуу ыкмаларын үйрѳттү. Эки айдан соң мени “Ганибат” деген топко кошушту. Ал топтун максаты бай адамдардын байлыктарын тоноо жана ѳзүбүздүн командирлерибизге Ислам мамлекети үчүн берүү болчу. Ушундай максатта машыгып бүткѳн соң, мени дагы эки шеригим менен Түркияга жѳнѳтүштү. Түркияга келгенде полицияларга колго түшүп калдым. Алар мени Кыргызстанга депортация кылып жиберишти”, – дейт милицияга берген көрсөтмөсүндө.

Анын айтуусуна караганда ѳзү машыкан лагерде 10го жакын кыргызстандыктар бар болгон.

“Алгачкы иликтѳѳ иштери аяктаган соң, кармалган адам Улуттук коопсуздук комитетине ѳткѳрүлүп берилет, көрсөтмөлөрү текшерилет”, – дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз катчысы Замир Сыдыков.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.