
Сириянын Идлиб провинциясындагы оорукана бомбаланды. Дарыгерлердин айтымында, химиялык чабуул жасалып, кырсыктан кеминде 58 киши каза болду.
Учурда чабуул Сирия армиясы же Орусиянын аскердик аба учактары тарабынан жасалды деп болжолдонууда. Бирок Сирия аскерлери бул бомбалоого эч кандай катыштыгы жок экенин айтып жатышат.
Химиялык чабуул жасалган оорукана дарыгерлери белгилегендей, каза болгондордун арасында жаш балдар да бар. Элдердин басымдуу бөлүгү уулуу газдан дем алуусу кыйындап, жапырт кырылып жатты. Окуядан кийин, БУУнун аскердик кылмыштар боюнча эксперттери чабуул боюнча иликтөө жүргүзүшөөрүн баса белгилешти.
- 05.04.2017