Синтетикалык жол менен баңги дарысы – метамедронду чыгаруучу лаборатория аныкталды

Кыргызстанда синтетикалык жол менен өндүрүлгөн баңги дарысы – метамедронду чыгарууга адистешкен топ аныкталды. Бул тууралуу  УКМКдан билдиришти.

Алардын маалыматтары боюнча, А.И.нин жетекчилиги астында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн дары-дармек лабораториясы уюштурулуп, жаштар арасында сатуу каналы түзүлгөнү аныкталды.

Атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңги заттарын өндүрүү процесси документтештирилген жана аларды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет кылып жатканда, А.И. аттуу жаран кармалган.

Ал эки айга СИЗО-1ге камакка алынды, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, метедрондун бир граммынын баасы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болжол менен 5-6 миң сомду түзөт. Аны колдонуу нерв системасына терс таасирин тийгизип, адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн сөзсүз кесепеттерин тийгизет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.