Швеция: теракт уюштурууга шектелгендер кармалды

7-апрель күнү Стокгольмдагы кырсык теракт деп сыпатталып, аны уюштурууга шектелген 2 киши кармалды. Анда жүк ташуучу унаа борбордук көчөлөрдүн биринде жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеткен. Окуядан көп өтпөй, шаардын чет жакасынан шектүүлөр колго тушүрүлдү. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Швецияда 7-апрель күнү Стокгольмдагы терактты уюштурууга шектелген 2 киши кармалды. Алардын бирөөсү шаардан 40 чакырым чет жактан колго тушкөн. Анын жанынан Өзбекстандын паспорту чыгып, коомчулукту террорчулукка үгүттөп жүргөндүктө да айыпталды. Ал эми экинчисин 8-апрель күнү кечке маал Хюлста шарынын чет жакасынан кармашкан.

Эскерте кетсек, 7-апрель күнү Стокгольмда борбордук көчөлөрдүн биринде жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеткен. Андагы кырсыктан 4 киши каза болуп, 15 адам жараат алган эле.

Маалым болгондой, кийинчерээк анда пайдаланылган жүк ташуучу унаа уурдалганы аныкталды.

Учурда полиция иликтөө иштерин улантып жатат.

Ян Эвенссон, полиция кызматкери:

Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Коомчулукка кайрылып кетээр элек, зарыл болбосо, азырынча Стокгольмга келбей турганыңар жакшы. Мунун баары элдин коопсуздугу үчүн каралган чаралар.

Чабуул үчүн бүгүнкү күндө эч бир террордук топ жоопкерчилик ала элек. Буга чейин Германиядагы, Франциядагы теракттар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тарабынан уюштурулган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.