Штаб: 5G технологияларынын зыяны тууралуу маалымат – фейк

Бүгүнкү күнгө карата 5G технологиялары Кыргыз Республикасынын аймагында киргизиле элек. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Байланыш операторлору КР МТБМК караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксаты жок 5G тармагынын жабдууларын орнотууга жана ишке берүүгө укугу жок. Учурда мындай уруксаттар берилген эмес.

5G тармагын киргизүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын башында карала баштаган. Белгилей кетчү жагдай, 5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Чолпонбаев суракка чакырылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.