
Шри-Ланкада суу ташкынынан 150дөн ашуун киши каза болуп, 111 адам дайынсыз жоголду. Кырсык болгон аймактардан 500 миңдей жашоочу эвакуацияланып, дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Адистердин айтымында, Шри-Ланкага 14 жылдан бери мындай катуу жаан жаай элек болчу. Метеорологдор жакынкы күндөрү нөшөрлөп жаткан жамкыр басаңдабашын да билдиришүүдө. Эскерте кетсек, өлкөдө 2003-жылы катуу жаандан суу ташкындап, бир топ кыйроолорду алып келген эле.
Андагы кырсыктан 250 киши каза болуп, 10 миңден ашуун турак-жай суу алдында калган. Бүгүнкү күндө суу каптаган аймактарда куткаруучулар тобу иш алып барышууда. Өлкө бийлиги табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн БУУна жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө жардам сурап кайрылды.
- 29.05.2017