Шри-Ланка: таштанды кулаган аймакта куткаруу иштери уланууда

Шри-Ланкада таштанды таштоочу жай нөшөрлүү жаандан улам сүрүлүп олтуруп, калктуу конушту басып калды. Бийиктиги 90 метрди түзгөн таштандылар, борбордук райондордун бирине жакын жайгашкан болчу. Учурда каза болгон кишилердин саны 30га чукулдап калды. Дагы 100дөн ашууну куткаруучулар тарабынан изделүүдө.

Шри-Ланканын Коломбо шаарында таштанды басып калып каза тапкан кишилердин саны 28ге жетти. Уранды астында дагы 100дөгөн киши болушу мүмкүн.

Учурда кырсык болгон аймакта издөө иштери уланууда.

Рошан Сеневиратне, аскер кызматкери

Көчкү өтө калың болгондуктан айрым жерлерди 5-6 метр тереңдикте чукуганы туура келүүдө. Учурда кайсыл жерде канча адам бар экени белгисиз.

Бийиктиги 90 метрге жеткен таштанды таштоочу жай шаардын борбордук райондоруна жакын жайгашкан. Тынымсыз жааган жамгырдан улам, үйүлгөн таштанды калктуу конуштарга жылып олтуруп, акыры элди басып калды. Учурда жалпысынан 145 турак-үй жабыркаганы айтылууда. Окуя өткөн дем алыш күндөрү катталган.

Буга чейин жабыркаган аймактын жашоочулары, таштанды таштоочу жайды башка жакка көчүрүп берүүнү бийликтен талап кылып келишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.