
Парижде журналист кыздын саркеч шиш такаларынын айынан аэропортто кооптуу абал жарыяланды. Окуя «Париж-Орли» аба майданында болгон.
Касабланкага учуп бара жаткан жүргүнчү аялдын кол баштыгында жардыруу затка окшош шектүү буюм аныкталган. Аэропорттун кызматкерлери 4-терминалдын эки залынан адамдарды чукул чыгарып, аймакты чектөөгө алышкан. Бирок чакырылган саперлор баштыкта болгону күйүп-жана турган саркеч шиш такалар бар экенин аныкташты. Ал эми алардын ээси мода басылмасында иштеген журналист кыз болчу. Мындай окуянын кесепетинен каттамдар 3 саатка кармалган.
- 25.01.2019