Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

 Бүгүн, 19-декабрь Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан жаашы күтүлөт.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо  катуу жаан жаап, карга айлануусу мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Андыктан автоунаалар жолдо 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.