Шашылыш билдирүү: түштүк облустарда сел жүрүшү күтүлөт

11-14-апрелде республиканын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталат. 11-апрелде күндүз жана 12-апрелде кээ бир райондордо, 13-14-апрелде  көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 13-14-апрелинде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт деп ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.